АРСТАНБАП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:07, 10 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРСТАНБАП – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Арстанбап айыл аймагынын борбору. «Арстанбап-Ата» токой чарбасынын аймагында. Бабаш-Ата кырка тоосунун түштүк этегинде, деңиз деңгээлинен 1400 м бийиктикте, Арстанбап суусунун боюнда жайгашкан. Paйондун борбору Базар-Коргон шаарынан 53 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 87 км. 1870-жылга чейин отурукташкан. Калкы 15 509 (2022); негизинен токойчулукта эмгектенет. Эки орто мектеп, ФАП, оорукана, клуб, китепкана жана башкалар бар. Кыштакка жакын балдардын эс алуу жайы, «Арстанбап» туристтик базасы, «Арстанбап» пансионаты жайгашкан.