АРПА, суу

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРПА – Ат-Башы районундагы суу, Алабуга суусунун (Нарындын сол куймасы) негизги курамы. Узундугу 65 км, алабынын аянты 347 км2. Topyгарт кырка тоосунун түндүк-чыгышынан агып чыккан Муз-Төр суусуна, Ат-Башы кырка тоосунун батыш бөлүгүнөн башталган Kapa-Cyy кошулуп, Жаман-Тоо суусун түзөт. Жаман-Тоо чыгыштан батышка карай Apпa өрөөнү аркылуу агып, ага сол тарабынан Чоң Кара-Каман, Кичи Kapa-Kaман жана Каракол, оң тарабынан Кожогул, Жаман-Даван суулары кошулгандан кийин Арпа аталат. Батышта Арпанын Ала-Тоосунан түндүккө карай кууш капчыгай аркылуу агып, Бычан суусу кошулуп, Алабуганы түзөт. Жылдык орточо чыгымы 12 м3/сек. Июнда кирип, октябрда тартылат. Өрөөнү жайыт.