АРМЯН ЖАЗУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМЯН ЖАЗУУСУ – армян элинин жана чет өлкөлөрдө жашаган армяндар колдонгон жазуу. Ал 405–406-жылдары армян епископу Mecpon Маштон тарабынан түзүлгөн. 12-кылымда эки жаңы тамга менен толукталган. Азыр 39 тамгадан турат. Армян жазуусунун графикасы жазууга жеңилдетилген бир топ өзгөрүүгө дуушар болгон.