АРМЯН-АПОСТОЛ ЧИРКӨӨСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:48, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– христиандык чиркөөнүн эң байыркысы. Чиркөөнүн мүчөлөрүн армян-григоряндар деп аташат. Анткени, анын негиздөөчүсү катары Григор Агартуучуну эсептешет. 301-ж. Григордун демилгеси м-н Армениянын падышасы Тиридат III христианчылыкты кабыл алган ж-a Армения христиан динин мамлекеттик дин деп жарыялаган дүйнөдөгү биринчи өлкө болуп калган. А.-а. ч-ндө Кудайга тайынуу көбүнчө түн ичинде, байыркы армян тилинде жүргүзүлөт. Чиркөөнүн башында патриарх-каталикос турат. Учурда армян-григоряндардын саны 4,6 млн го жетет. Алардын көпчүлүгү Арменияда (2,6 млн), мындан тышкары АКШ, Канада, Бразилия, Россия, Грузия ж. б. өлкөлөрдө бар.