АРМОКОЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМОКОЛИТ – (Айга алгачкы жолу учкан америкалык астронавттар – Армстронг, Олдрин, Коллинздин аттарынан) – табигый оксиддер классындагы сейрек минерал. Химиялык формуласы (Mg, Fe2+) Ti2O5. Айдын кыртышынын үлгүсүнөн табылган. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү боз, металлдай жалтырак. Катуулугу Mooc шкаласы боюнча 5. Бүртүкчө түрүндө (300 микронго чейин) кездешет. Минерал төмөнкү басымда жана жогорку температурада пайда болот. Жер бетинде айрым магма тоо тектеринде жана метеориттерде кездешет.