АРМИРЛЕНГЕН АЙНЕК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:18, 18 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРМИРЛЕНГЕН АЙНЕК– калыптоодо тулкусуна металл торчосун кошуп пресстеп жасалган силикат айнек такта. Имараттын жарык оюктарын жана жабуусун, жарык өткөрүүчү тосмосун, үй тепкичинин, лифт шахтасынын тосмолорун жана башкаларды айнектөөгө колдонулат. Үзгүлтүксүз жаюу ыкмасы менен даярдалат. Ал урганда же өтө ысыганда чачырап кетпейт. Кескенде же сындырганда жарака пайда болбойт. Армирлөө үчүн диаметри 0,35-0,45 мм зымдан жасалган тор ширетилет. Бул айнектин жарык өткөрүү жөндөмдүүлүгү 65 %тен кем эмес.