АРКТИКАЛЫК ЧӨЛ ЗОНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:36, 11 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКТИКАЛЫК ЧӨЛ ЗОНАСЫ – арктика алкагындагы кургактыктын эң түндүгүндөгү табигый аймагы. Гренландиянын көп бөлүгүн, Түндүк Муз океандын аралдарын, ошондой эле материктин көп жылдык тоң тараган түндүк чет жакаларын ээлейт. Муздуу жана суук, таштак чөл ландшафты басымдуу; айрым жерлеринде бирин-серин эңилчектер жана жапыз өскөн чөп өсүмдүктөрү кездешет.