АРКТИКАЛЫК ЧӨЛ ЗОНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:30, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКТИКАЛЫК ЧӨЛ ЗОНАСЫ– арктика алкагындагы кургактыктын эң түндүгүндөгү табигый аймагы. Гренландиянын көп бөлүгүн, Түн. Муз океандын аралдарын, о. эле материктин көп жылдык тоң тараган түн. чет жакаларын ээлейт. Муздуу жана суук, таштак чөл ландшафты басымдуу; айрым жерлеринде бирин-серин эңилчектер жана жапыз өскөн чөп өсүмдүктөрү кездешет.