АРКТИКАЛЫК КЛИМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:18, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКТИКАЛЫК КЛИМАТ – Арктикага мүнөздүү дайыма суук өкүм сүргөн климат. Ал негизинен Күн кыйгач тийип, анын радиациясынын аз өлчөмдө түшүшүнүн жанa түбөлүк муздардын илебинин таасиринен пайда болот. Абанын температурасы жалпысынан 0°тан төмөн болуп, анын төмөнкү чеги 50°ка жетет. Туман, булут каптап, бороон болуп турат. Жаан-чачын аз өлчөмдө (100–200 мм), негизинен кар аралаш майда жамгыр түрүндө түшөт. Жылуу күндөр уюлда бир ай, деңиз жээктеринде 2–3 ай гана болот. Уюлдук кеңдиктердин көп жерлеринен антициклон үзүлбөйт.