АРКТИКАЛЫК КЛИМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:48, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– Арктикага мүнөздүү дайыма суук өкүм сүргөн климат. Ал негизинен Күн кыйгач тийип, анын радиациясынын аз өлчөмдө түшүшүнүн ж-a түбөлүк муздардын илебинин таасиринен пайда болот. Абанын темп-расы жалпысынан 0°тан төмөн болуп, анын төмөнкү чеги 50°ка жетет. Туман, булут каптал, бороон болуп турат. Жаан-чачын аз өлчөмдө (100-200 мм), негизинен кар аралаш майда жамгыр түрүндө түшөт. Жылуу күндөр уюлда бир ай, деңиз жээктеринде 2–3 ай гана болот. Уюлдук кеңдиктердин көп жерлеринен антициклон үзүлбөйт.