АРКОЗДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКОЗДОР, аркоз кумдуктарынегизинен гранит, гнейс жана башкалардын талкалануусунан пайда болгон катуу тоотектер. Аркоздор талаа шпаттары, кварц, кээде слюда жана башка минералдардын бүртүкчөлөрүнөн турат. Өңү кызгылт, Кызыл же агыш, одуракай бүртүкчөлүү, сырткы көрүнүшү гранитке окшошураак. Түштүк Кыргызстанда, айрыкча бор мезгилинде пайда болгон тоо тектердин арасында көп учурайт.