АРКОЗДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:20, 18 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКОЗДОР, аркоз кумдуктарынегизинен гранит, гнейс ж. б-дын талкалануусунан пайда болгон катуу тоотектер. Аркоздор талаа шпаттары, кварц, кээде слюда ж. б. минералдардын бүртүкчөлөрүнөн турат. Өңү кызгылт, Кызыл же агыш, одуракай бүртүкчөлүү, сырткы көрүнүшү гранитке окшошураак. Түштүк Кыргызстанда, айрыкча бор мезгилинде пайда болгон тоотектердин арасында көп учурайт.