АРКБУТАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:04, 18 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКБУТАН (французча arc-boutant – таканчык арка) – таштан жасалып, своддун конструкциясын жөлөп турган жарым арка формасындагы конструкция.

Файл:АРКБУТАН 4.png


Булар көбүнчө готикалык храмдардын түзүлүшүндө колдонулуп, своддун оордугунан түшкөн басымды контрфорсторго өзү аркылуу өткөрөт. Орто кылымдагы архитекторлор аркбутан менен контрфорсторду бирдиктүү колдонуу аркылуу имараттын ички көлөмүн кеңейтүүгө, анын аянтын чоңойтууга жанa ички түркүктөргө түшкөн басымды азайтууга жетишкен.