АРКАНЗАС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКАНЗАС – АКШдагы дарыя, Миссисипинин оң куймасы. Узундугу 2410 км, алабынын аянты 416 миң км2. Аскалуу тоолордон башталып, Улуу жанa Борбордук түздүктөр аркылуу агат. Орточо чыгымы 1300 м3/сек (эң азы 23 м3/сек). Деңгээли Литл-Рок шаары тушта 8–10 мге чейин өзгөрүп турат. 1000 км аралыкка кеме жүрөт. Алабында ири суу сактагыч бар. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Уичито, Талса, Литл-Рок шаарлары жайгашкан.