АРКАН ТАРТМАЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– 1) күч сынашуу максатында ойнолуучу жаштар оюну. Бул оюн илгертен чоң жыйындарда, аш-тойлордо, кийинки кез-

Файл:АРКАН ТАРТМАЙ 1.png


дерде майрамдарда өткөрүлүп калды. Оюнга катышуучу жигиттер теңме-тең эки топко бөлүнүп, белгиленген чектин эки жагына чубай турушуп, эки учу илмек болуп байланган бир арканды баары кармашып, калыс адам белги берери м-н арканды өз тарабын көздөй тартыша башташат. Каршысындагы оюнчулардын алдынкысын белгиленген чек сызыктан өткөрө тартса, сүйрөп кеткен тарап утуп, байге алат. Кээде арканды жекеме-жеке да тартышат.
2) Кудаларды тосуу каадасы. Айылга жакындап калган кудалардын (алдына түшүү расмисин аткарууга бара жаткан) алдынан кыз берген тарап аркан тартып тосуп алат. Аркан тарткандарды кудалар мал, акча же башка белек-бечкек берип, ыраазы кылгандан кийин өткөрүшкөн.