АРКАЛЫК КЫШТАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКАЛЫК – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Сейдикум айыл аймагына караштуу. Кара-Үңкүр суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 660 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 10 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 40 км. 1937-жылы негизделген. Калкы 655 (2022); негизинен пахта, дан эгиндери, жашылча өстүрүүдө эмгектенет. ФАП, мечит, тегирмен, медпункт бар. Ак жуваз иштейт.