АРКАЛЫК КЫШТАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКАЛЫК – Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Сейдикум айыл аймагына караштуу. Кара-Үңкүр суусунун сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 660 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 10 км түштүк тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 40 км. 1937-ж. негизделген. Калкы 930 (2019); негизинен пахта, дан эгиндери, жашылча өстүрүүдө эмгектенет. ФАП, мечит, тегирмен, медпункт бар. Ак жуваз иштейт.