АРКАЛЫК КЫШТАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:48, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– Жалал-Абад обл-нун Базар-Коргон р-ндагы кыштак. Сейдикум айыл аймагына караштуу. Кара-Үңкүр суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 660 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыш-нан 10 км түш. тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 40 км. 1937-ж. негизделген. Калкы 930 (2019); негизинен пахта, дан эгиндерин, жашылча өстүрүүдө эмгектенет.
ФАП, мечит, тегирмен, медпункт бар. Ак жуваз иштейт