АРКАК ТYPГҮЧ МАШИНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:33, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Jortbek тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКАК ТҮРГҮЧ МАШИНАаркак жибин чыгырыкка түрүүчү машина. Токуучу машинанын ийигине чыгырык кийгизилет да, эки кыскыч м-н кысылат. Ийик айланганда чыгырык кошо айланып, аркак жибин түрөт. Аркактын чыгырыкка текши түрүлүшү атайын механизм м-н жөнгө салынат. Жип чыгырыкка түрүлүн бүткөндө же үзүлгөндө, чыгырык өзүнөн өзү токтойт. Жиптин жоондугу атайы орнотулган прибор м-н текшерилип турат.