АРКА ТҮРҮНДӨГҮ БЕКИТКИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:17, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКА ТҮРҮНДӨГҮ БЕКИТКИЧ -тоокен казмасынын үстүнөн жасалган басым күчтүү болгондо колдонулуучу бекиткич. Негизинен чөгүүчү шарнирлүү жанa жылбас дого түрүндөгүлөрү пайдаланылат. Чөгүүчү Арка түрүндөгү бекиткич узак убакыт иштетилүүчү казмаларда, шарнирлүүсү – тазартуу жумуштары иштетилген чөйрөдө, жылбас арка тоокен басымы туруктуу болгон капиталдык жанa даярдоо казмаларында колдонулат.