АРКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРКА (лат. arcus – дого, ийри) – имараттардын, дубалдардын аралыгын түркүктөр, колонналар, пилондор аркылуу бириктирип турган

таяныч. Арка – имараттардын архитектуралык маанилүү элементи, конструкциянын тосмолоруна жана стилдин талаптарына

Файл:АРКА 64.png
Арканын түрлөрү: 1- жарым циркулярдуу; 2- жылдырма; 3- килевиддүү; 4- така сымал; 5- лопасттуу; 6- көп лапасттуу.

ылайык өзгөрүп турат. 19-кылымдын 2-жарымында ария жаңы өркүндөтүлгөн архитектуралык формалар менен металлдан курулган. Мындай жаңы архитектуралык мүмкүнчүлүк 20-кылымда темир-бетон арияларынын пайда болушуна алып келген. Алар чоң имараттарда, көпүрөлөрдө, спорттук курулуштарда жана метро станцияларынын
интерьерлеринде колдонулат.

Файл:АРКА 65.png
Париж. Жылдыз аянтындагы триумфалдык арка.