АРК
АРК (персче – таяныч, коргон) – Орто Азия жана Иран архитектурасында шаар сепилдеринин аталышы. Башкаруучулардын резиденцияларынын жана коргонуучу курулмалардын милдетин аткарат. Арк шаардын ортосундагы же сыртындагы шаар дубалдарында жайгашышы мүмкүн (Хива, Бухара). Арктын түрү Орто Азиядагы байыркы коргон, чептерде кездешет.