АРИОЗО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(итал. arioso, aria – ария) – 1) арияга

Караганда көлөмү чакан, речитативден обонунун жөнөкөйлүгү ж-а мукамдуулугу м-н айырмаланган операдагы, кантатадагы вокалдык композиция. 17-к-даитал. Операда (К. Монтевер­ди, М. А. Честинин) речитативдин обондуу бөлүгүн түзгөн. 19-20-к-дын операларында А. анча чоң эмес ария, б. а. лирикалык ыр («Евгений Онегин» операсындагы Ленскийдин, П. И. Чайковскийдин «Карганын маткесинде» Лизанын ариозосу) кээде обондуу декламация мүнөзүндө болгон. К. Ариетта, Каватина; 2) атка­руучулукта кантилендик мүнөздөгү аткарууну ж-а ырдоону (ария сыяктуу) көрсөтүүчү белги.