АРИД ӨСҮМДҮКТӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:42, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИД ӨСҮМДҮКТӨРҮ (лат. aridus – кургак) – ным жетишсиз аймакта (чөл, жарым чөл) өсүүгө ылайыкташкан өсүмдүктөр. Алар аба температу-расы суткалык жана жылдык кескин өзгөргөн, жаан-чачын жаабаган же өтө аз жааган шартта өсөт. Негизинен тропик жана субтропик алкактарда кеңири таралган. Ксерофиттер жана галофиттер кургакчылыкка өтө чыдамдуу. Физиологиялык. байырлануунун негизинде транспирация', азыктануу, фотосинтез, дем алуу ж.б. физиол. процесстер өзгөрөт. Тез ысып кеткенде өсүмдүктүн субмикроскопиялык структурасы акырындап бузулуп, узакка созулган ысыкта белогу да бузулат. Өсүмдүктө анат. жана морфол. өзгөрүштөр (жалбырактын кичирейиши, түктүүлүк, мом катмары ж. б.) байкалат. Көпчүлүк өсүмдүктөр­дүн уругу да ысыкка чыдамдуу келет. А. ө-нүн ар кандай байырлануу жолдору маданий өсүмдүк сортторун чыгарууда селекцияда пайдаланылат. Ад.: Вент Ф. В мире растений. Пер. с англ. М., 1977; Жизнь растений, Т 1-2. М., 1976..