АРИД РЕЛЬЕФИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:44, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИД РЕЛЬЕФИ– рельеф пайда кылуучу процесстердин таасири астында чөл, жарым чөлдөрдө

ж-а кургак талааларда калыптанган рельефтин тиби. Ал шамалдын (дефляция, эол-аккумуляциялык), чөл үбөлөнүүсүнүн, убактылуу курул­ган агын суулардын эрозиясынын аракетинен түзүлөт. Дөңсөө, плато, тоо этеги ж-а тоолорго ариддик денудация ж-а эрозиядан пайда бол­гон рельефтин (педименттер, бедлендцер, каксоо жерлер) формалары, ал эми түздүктөр м-н ойдуңдарга таштуу чөлдөрдүн түрдүү типтери, эол рельефтүү (бархандар, кум дөбөлөрү ж. б.),шортоң жерлүү ж-а көлдүү чуңкурчактар, такырлар мүнөздүү.