АРИАНЧЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:23, 15 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– александриялык поп Арий тарабынан негизделген христиандык диний окуу. Ал (318-ж. чен) расмий түрдө чиркөө жоболоруна каршы чыккан. Кудай уулу Христос Кудай атадан жаралгандыктан, ал түбөлүктүү эмес ж-а акылмандуулугу б-ча Кудай атага салыштырганда экинчи даражада турат деп далилдеген. Анын тарапкерлери көп болсо да, чиркөө тарабынан көп кысымчылыкка, куугунтуктоого дуушар болгон. Ошондой болсо да А-тын дин окуусу христиан дининде (к. Троица) кудай ата, кудай уулу ж-а кудай ыйык рух, периште ж-дөгү догматтын чыгышына алып келди.
М. Абдылдаев.