АРЗЫМАТОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:36, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЗЫМАТОВА Айнура Атыгаевна (15. 06. 1951-жылы туулган, Фрунзе шаары) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2009), профессор. 1974-жылы М. В. Ломоносов атындагы ММУну (1974), аспирантурасын (1979) бүткөн. 1974-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУда, КМУУда, Ж. Баласагын атындагы КМУда окутуучу, доцент, бөлүм башчы, тарых факультетинин деканы, кафедра башчысы. 50дөн ашык илимий жана окуу-методикалык эмгектердин автору.