АРЗЫМАТОВА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЗЫМАТОВА Айнура Атыгаевна (15. 6. 1951-жылы туулган, Фрунзе шаары) – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (2009), профессор. 1974-жылы М. В. Ломоносов атындагы ММУну (1974), аспирантурасын (1979) бүткөн. 1974-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУда, КМУУда, Ж. Баласагын атындагы КМУда окутуучу, доцент, бөлүм башчы, тарых факультетинин деканы, кафедра башчысы. 50дөн ашык илимий жана окуу-методикалык эмгектердин автору.