АРЕТ Аулис Якобович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:21, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЕТ Аулис Якобович (1907–1974) – педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор. Эстонияда гимназияны жана Тарту университетин бүтүргөн (1932). 1957-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинде доцент, кафедра башчысы болуп эмгектенген. Өзүн өзү тарбиялоо теориясын ачкан жана жогорку окуу жайларында, илимий педагогикалык тармакта кеңири пайдаланган. Анын ырастоосу боюнча ар бир инсан аң-сезимдүү максатка умтулуучулукта өзү менен өзү иштей алат. Өзүн өзү аңдап билүү, сыноо, баалоо, анализдөө, отчёт берүү, мажбурлоо, кармай билүү жана башкаруу жана башка түшүнүктөрдүн маани-маңызын, аларды практикада колдонуунун методикасын иштеп чыккан.