АРЕТ Аулис Якобович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЕТ Аулис Якобович (1907–1974) – педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор. Эстонияда гимназияны жана Тарту университетин бүтүргөн (1932). 1957-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинде доцент, кафедра башчысы болуп эмгектенген. Өзүн өзү тарбиялоо теориясын ачкан жана жогорку окуу жайларында, илимий педагогикалык тармакта кеңири пайдаланган. Анын ырастоосу боюнча ар бир инсан аң-сезимдүү максатка умтулуучулукта өзү менен өзү иштей алат. Өзүн өзү аңдап билүү, сыноо, баалоо, анализдөө, отчёт берүү, мажбурлоо, кармай билүү жана башкаруу ж. б. түшүнүктөрдүн маани-маңызын, аларды практикада колдонуунун методикасын иштеп чыккан.