АРЕАЛДЫК ЛИНГВИСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЕАЛДЫК ЛИНГВИСТИКА, а й м а к т ы к л и н г в и с т и к а – тил илиминин тилдик фактыларды лингвистикалык география методу аркылуу аймактык жана тил аралык мейкиндиктин негизинде изилдөөчү бөлүмү. Тилдин карым-катышын изилдөөдө диалектилик фактыларды бүтүн камтуусу менен айырмаланат. Тилдин аймактык өзгөчөлөнүшүн тактоо менен изоглосстук интерпретацияны аныктоо анын негизги милдети болуп саналат. Натыйжада, диалектилердин ареалдык карым-катышы, тилдик жана ареалдык жайланышы, таралышы, байланышы такталат.