АРЕАЛДЫК ЛИНГВИСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:26, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЕАЛДЫК ЛИНГВИСТИКА, а й м а к т ы к л и н г в и с т и к а – тил илиминин тилдик фактыларды лингвистикалык география методу аркылуу аймактык жана тил аралык мейкиндиктин негизинде изилдөөчү бөлүмү. Тилдин карым-катышын изилдөөдө диалектилик фактыларды бүтүн камтуусу менен айырмаланат. Тилдин аймактык өзгөчөлөнүшүн тактоо менен изоглосстук интерпретацияны аныктоо анын негизги милдети болуп саналат. Натыйжада, диалектилердин ареалдык карым-катышы, тилдик жана ареалдык жайланышы, таралышы, байланышы такталат.