АРГУНЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГУНЬ-- (монголчо ёргун - кенен, жазы) – Рос­сия м-н Кытайдагы дарыя; Амур д-нын оң курамы. Уз. 1620 км, алабынын аянты 164 миң км2.

Кытайдагы Чоң Хинган деген ат м-н башталат. Көп бөлүгү кенен өрөөн аркылуу агат. Орт. чыгымы 340 мъ/сек. Ноябрдын аягынан майдын башына чейин тоңот. Ол очи станциясынан тартып кез-кезде кеме жүрөт.