АРГУМЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:44, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГУМЕНТ (лат. argument urn – предмет, белги) – 1)функциянын А-и – анын маанисине функциянын мааниси көз каранды болгон өзгөрмө чоңдук; 2 )z = x + yi = r (coscp + isiny) комплекстүү санынын А-и – тегиздиктеги координаталары х ж-а у болгон чекитке туура кел­ген г радиус-векторунун абсцисса огу м-н түзгөн Ф бурчу; 3) башка бир ой жүгүртүүнүн (конвен­ция, теория) чындыгын ырастоого алып келүүчү ой жүгүртүү (же ой жүгүртүүлөрдүн жыйындысы); 4) логикада А. – далилдөөнүн негизи боло турган түшүнүк. Кандайдыр бир жобонун акыйкаттуулугун же жалгандыгын далилдөө үчүн келтирилген пикир.