АРГОНАВТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГОНАВТТАР (гр., Arqonautai, от Arqo-кеменин аталышы жана nautes – деңизде сүзүүчүлөр) – байыркы грек мифтериндеги Колхидада ажыдаардын кайтаруусунда турган сыйкырдуу койдун алтын жүндүү терисин алып келүүгө аттанган легендарлуу баатырлар. Ясон (Иолктук) баштаган баатырлар терини алып келүү үчүн «Арго» кемесинде сапар тартышкан (ушундан улам А. аталган). Көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолгон укмуштуу окуяларды баштарынан өткөрүшүп, акыры алар сыйкырчы Медеянын жардамы менен ажыдаарды уктатып, алтын териге ээ болушат да, аны Грекияга алып келишет. А. ж-дөгү миф гректердин дүйнөнүн белгисиз аймактарын таанып-билүүгө умтулуусун жана алардын байыркы мезгилдердеги Кара деңиздин жээктерине жасаган деңиз саякаттарынын тарыхын чагылдырат.