АРГО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:59, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГО... (фр. argot) – социалдык топтун жалпы улуттук тилден айырмаланган өзгөчө кесиптик тили; жаргон менен окшош. Негизги максаты - коммуникация предметин коомдук чөйрөдөн өзгөчөлөнтүп, шөкөттөп, жашырып берүү. Арго термин катары көбүнчө тар мааниде колдонулуп, кылмыш чөйрөсүндөгү элементтердин баарлашуу ыкмасы катары каралат. Арго өзгөчө грамматикалык түзүлүшкө ээ эмес, лексикалык курамы боюнча айырмаланса да, жалпы тилдик мыйзамдарга башиет.