АРГО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:25, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГО... (фр. argot) – социалдык топтун жалпы улуттук тилден айырмаланган өзгөчө кесиптик тили; жаргон менен окшош. Негизги максаты - коммуникация предметин коомдук чөйрөдөн өзгөчөлөнтүп, шөкөттөп, жашырып берүү. Арго термин катары көбүнчө тар мааниде колдонулуп, кылмыш чөйрөсүндөгү элементтердин баарлашуу ыкмасы катары каралат. Арго өзгөчө грамматикалык түзүлүшкө ээ эмес, лексикалык курамы б-ча айырмаланса да, жалпы тилдик мыйзамдарга башиет.