АРГАС КЕНЕЛЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:08, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
АРГАС КЕНЕЛЕРИ (Argasida) – кан соруучу кенелер тукуму. Демейде кененин дене уз. 2 -13 мм, күңүрт боз түстө, башы анча чоң эмес, көзү жок. Алар көбүнчө адам жашаган турак жайда ж-а мал сарайларда кездешет. Кан м-н азыктанат. Ал 30-40 минга  чейин кан сорот, тойгон кене кайрадан жерге түшүп тактай жаракаларына, тешиктерге кирет. А. к. 20-25 ж. жашайт. Алардын 100дөй түрү негизинен жылуу ж-а кургак р-ндордо кезигет. Ич келте оорусун козгойт. Ооруну козгоочу микробактериялар адам денесине кененин шилекейи аркылуу жугат.