АРАШАН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Тескей Ала-Тоонун

түн. капталында. Арашан суусу аккан багытта түштүктөн түндүккө карай 30-33 кмге созулат.

Файл:АРАШАН КАПЧЫГАЙЫ 44.png
Алтын-Арашандын тушу.

Таманынын жазы жери 2–3 км, кууш жери 500– 800 м, деңиз деңг. бийикт. 2300–2700 м. Өрөөн байыркы мөңгүнүн аракетинен, суу эрозиясынан ж-а үбөлөнүүдөн пайда болгон. Жогорку бөлүгү төрлүү (трог) келип, байыркы мөңгүнүн мореналарынан турат. Ортонку ж-а төмөнкү бө­лүгү кууш, V формасында. Таманында ж-а тоо капталдарында карагай токойлорунун ири мас­сивдери бар. Шалбаалуу талая, бийик чөптүү шалбая зоналары басымдуу. Минералдуу ысык булактар чыгат. Балдардын Ак-Суу санаторийи бар. Жайкы жайыт. Ил., окуу-тарбиялык ж-а рекреациялык маяниси чоң.