АРАХНОИДИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАХНОИДИТ (гр. arachne – жөргөмүш, желе, eidos – түр) – мээнин же жүлүндүн тор кабыгынын сезгениши. Демейде мээнин жумшак кабынын сезгениши менен коштолот. Ал катуу кармаган жана өнөкөт жугуштуу оорулардын (келте, грипп ж.б) кабылдоосунан, кулак-мурун көндөйүнүн коңулдарынын сезгенишинен, баштын жана омуртка тутумунун мертинишинен кийин, коргошун, мышьяк менен өнөкөт уулануудан болот. Анда мээнин тор жана жумшак кабы катууланып калыңдап, жүлүн суюктугунун айланышы бузулат; баш сөөктүн ички басымы жогорулап, баш ооруйт, кээде талып калат, баш айланат, кулак жакшы укпай, көрүү начарлайт, тең салмактуулук бузулат. Оору күчөсө төшөккө жаткырып, антибиотик жана ооруну басаңдатуучу дарылар берилет. Арахноидиттин алдын алуу үчүн ооруларды өз убагында дарылоо керек.