АРАФУРА ДЕҢИЗИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАФУРА ДЕҢИЗИ – Инди океанындагы четки деңиз. Австралия, Жаңы Гвинея, Танимбар жана Кай (Индонезия) аралдарынын аралыгында. Аянты 1017 миң км2. Эң терең жери 3680 м. Чоң булуңу – Карпентария. Суусунун орточо температурасы 25°Сден 28°Сге чейин. Туздуулугу 34–35%о. Суткасына 2 жолу ташкындайт (ташкындын бийиктиги 2,5–2,6 м).