АРАФАТ ЯСИР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:23, 15 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
, Абу А м а р (24. 8. 1929,Иерусалим – 11. 11. 2004, Париж) – мамл. ж-а саясий ишмер; Палестиналык арабдардын боштондук кыймылынын лидери, Палестина Улуттук кеңешинин төрагасы, Палестина
автономиясынын башчысы (1996–2004). Каир ун-тетинде билим алган. Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын (Фатх) негиздөөчүсү ж-а жетекчиси (1968). 1969-жылдан Палестинаны боштондукка чыгаруу Уюмунун Аткаруу комитетинин төрагасы, 1971-жылдан Палестинанын каршылык көрсөтүү кыймылынын куралдуу күчтөрүнүн Жогорку башкы командачысы. 1989-ж. Улуттук Советтин сессиясында Палестина мамлекетинин президенти деп жарыяланган. Израилге каршы террордук ыкма м-н күрөш жүргүзүүдөн баш тартып, Израиль тарабынан басып алынган араб жерлеринде интифаданы-куралсыз каршылык көрсөтүү кыймылын жарыялаган. Анын жыйынтыгында 1993-ж. Израиль м-н Палестина өкмөтүнүн ортосунда тынчтык макулдашуусуна кол коюлган. Жакынкы Чыгышта тынчтыкты орнотууга кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгы ыйгарылган (1994).

Файл:АРАФАТ ЯСИР 43.png