АРАФАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:04, 5 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАФАТ– Мекеге жакын (20 кмдей) жайгашкан жердин аты. Сауд Арабстанында. Узундугу 11-12 кмге жеткен өрөөндөн жана аны түндүктөн чектеген жалча тоолордон турат. Арафат мусулмандардын эң негизги сыйынуу расмиси – ажылыктын (хадж) каадасы өтүүчү жер. Эл ичинде айтылган уламыштар боюнча Арафат тоосунун этегинде бейиштен куулган Адам ата менен Обо эне кездешкен. Бул жер ислам кабыл алынганга чейин Илал деп аталып, зыярат кылуучу ыйык жай болгон. Бүгүнкү күндө сыйынуучу жер катары дүйнөгө белгилүү.