АРАРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 8 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАРАТ (түркчө Агрыдаг – «ийри тоо»; армянча М а с и с – улуу; иранча – «Н о й т о о с у») – Армян тайпак тоосундагы эң бий­ик жанар тоо массиви. Түркиянын чыгышында (Армения менен Ирандын чек араларына жакын жеринде). Негизи бирге эки конустан – Чоң А-тан (бийикт. 5122 м) жана Кичи А-тан (3896 м) турат. Базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Капталдарында лава, 4250 мден жогору дайыма кар жатат; 30дай мөңгү бар.