АРАПОВ Байыш

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:43, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАПОВ Байыш (1942-ж. т., Ош обл., Баткен р-ну, Самарканд айылы) – физик, физика-математика илимд. доктору (1993), проф. (2000). 1964-ж. ОМПИни, 1967-ж. КМУнун аспирантурасын бүтүргөн. ОМПИде окутуучу, улук окутуу­чу, доцент, декан, ОшМУда профессор, кафедра башчы, ОшТУда фундаменталдык ж-а колдонмо илимдер б-ча ИИИнин директору, про­ректор. 2001-жылдан ОшМУда ил. иштер ж-а билим берүү борборунда проректор. Катуу нерселердин физикасы б-ча адис. 11Одон ашык эмгеги, а. и. 1 монографиясы жарык көргөн. Эмг.: Люминесценция электронных возбуждений и их распад с образованием в ионных кристаллах (в соавт.). Б., 1999.