АРАНХУЭС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:12, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАНХУЭС (Aranjuez) – Испаниядагы шаар. Мадридден 47 км түштүктө, Тахо дарыясынын жээгинде жайгашкан.

Файл:АРАНХУЭС 42.png
Аранхуэс шаары. Король сарайы.

Калкы 55,1 миң (2010). Байыркы Рим мезгилинен белгилүү. 1387–1409-жылдары Сан­тьяго орденинин Улуу магистринин резиденция­сы, король сарайы, капелла, фонтан, статуялуу ажайып кооз бактары (Принц Багы), Рим императорлорунун мрамор бюсттарынын бай коллекциясы, чиркөө (1748), монастырлар (1765–80) бар. Аранхуэстин сарай-парк ансамбли (испан барокко стилиндеги эстеликтер) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине катталган. Туризмдин борбору. Тамак-аш, жеңил өнөр жайы иштейт.