АРАНХУЭС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:58, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАНХУЭС (Aranjuez) – Испаниядагы шаар.Мадридден 47 км түштүктө, Тахо д-нын жээгинде

Файл:АРАНХУЭС 42.png
Аранхуэс ш. Король сарайы.

жайгашкан. Калкы 55,1 миң (2010). Байыркы Рим мезгилинен белгилүү. 1387–1409-ж. Сан­тьяго орденинин Улуу магистринин резиденция­сы, король сарайы, капелла, фонтан, статуялуу ажайып кооз бактары (Принц Багы), Рим императорлорунун мрамор бюсттарынын бай коллекциясы, чиркөө (1748), монастырлар (1765-80) бар. А-тин сарай-парк ансамбли (испан барокко стилиндеги эстеликтер) Буткул дуйнөлук мурастын тизмесине катталган. Туризмдин борбору. Тамак-аш, жеңил өнөр жайы иштейт.