АРАНЖИРЛЕШТИРҮҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:15, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАНЖИРЛЕШТИРҮҮ (фр. arranger – жайгаштыруу, тартипке салуу) – 1) бир аспап үчүн жазылган музыкалык чыгарманы башка аспапта аткарууга ылайыкташтыруу; 2) музыкалык чыгарманы жөнөкөйлөтүп ошол эле аспап үчүн жазуу; 3) эстрадалык музыкада – жаңы, белгилүү обонду үндөштүрүү ж-а аспапташтыруу. Мис., К. Орозовдун «Ибарат» күүсүнүн эл аспаптар оркестрине салынышы.