АРАМЕЙ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– семит тилдеринин тобуна

кирген тилдердин бири. Бул тилдеги байыркы жазма эстеликтер б. з. ч. 9-10-к-дарга таандык. Байыркы мекени – Сирия ж-а Месопотамиядан Ж. Чыгышка таралып, ал жердеги финикия, еврей, моавит, аккад тилдерин сүрүп чыгарган. А. т-ндеги ад-ттын дээрлик көпчүлүгү диний мазмунда (мис., Библия ж-а Талмудцун айрым бөлүмдөрү) болгон. А. т. арабдар басып алгандан кийин колдонулбай калган. Ал азыр батыш (малула), борбордук (турайо) ж-а чыгыш (ассирия) диалектилерине бөлүнөт.