АРАЛЫК АНЫКТАГЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:49, 13 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛЫК АНЫКТАГЫЧ– аралыкты ченебестен эле аныктоочу аспап. Ал аралыкты оптиканын жардамы менен автоматтык түрдө жогорку тактыкта көрсөтөт. Оптикалык Аралык аныктагыч менен аралыкты аныктоо бир жагы (АВ) белгилүү болгон (к. чийме) тең капталдуу үч бурчтуктун (ABC) бийиктигин табуу маселесине негизделген.


Файл:АРАЛЫК АНЫКТАГЫЧ 39.png

Ал артиллерияда, фотоаппараттар­да жана геодезияда колдонулат. Аралыкты ра­дио жана жарык толкундарынын таралыш ылдамдыгы боюнча да аныктоого болот. Бул куралдар радиолук жана жарыктык Аралык аныктагыч деп аталат. Алар астрономияда, геодезияда (триангуляцияда ж. б.) пайдаланылат.